Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

16:00 Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариевге каршы кылмыш иши козголду


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Маалыматка караганда, кылмыш иши Кылмыш кодексинин 204 беренеси караштырган контрабанда боюнча козголду. Депутат Темир Сариевдин жанынан Түркияга учаар алдында декларацияда көрсөтүлбөгөн 100 миң доллар табылган. Ошондуктан кылмыш ишин тергөө Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштерди тергөө башкармалыгына тапшырылды, деп кабарлайт Башкы прокуратуранын маалымат кызматы.Бирок Темир Сариев жанында 10 миң гана доллар болгонун билдирип, окуяны бийликтин чагымы катары баалап жатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG