Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Кубанычбек Исабеков бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, жаңыдан аныкталган 43, 70 жана 10 тонна алтын кени үчүн тендер өткөрүлүүгө тийиш. Исабеков ошондой эле Кумтөр кенин иштетип жаткан канадалыктар автоунаалары өткөн айылдардын жолдорун оңдоого, экологияга келтирген зыяндарын калыбына келтирүүгө тийиш, деген пикирин билдирди. (AiT)