АКШ аскери атып өлтүргөн кыргыз жаранынын адвокаты бүгүн «Манас» авиабазасынын жетекчилиги менен жолугушат. Анда адвокат тергөө иштеринин жүрүшүнө АКШ тараптын тоскоолдук кылбашын өтүнмөкчү. Адвокат Галина Скрипкинанын айтымында, Ивановду аткан жоокерди суракка алууга, куралын баллисттикалык текшерүүдөн өткөрүүгө уруксат берилбей жатат. "Манастагы" күйүүчү май ташуучу ишкананын айдоочусу Александр Иванов 6-декабрда АКШнын Бишкектеги авиабазасынын аскери аткан октон мерт болгон. (SM)