Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

8:00 «Пирамида» жетекчилиги алмашты


Кечээ жамаатка жаңы жетекчилер тааныштырылып, телекомпания президентинин милдетин азырынча буга чейин НТС телеканалында башкы продюсер болуп иштеп келген Андрей Цветков аткараары айтылды. Вице-президенттикке Ирина Калинина дайындалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» «Пирамиданын» кызматкерлери кабарлашты. Бүгүн жаңы жетекчилик жамаат менен алгачкы жыйын өткөрмөкчү. Былтыр телекомпаниянын мунарасындагы жабдыктарга белгисиз бирөөлөр тарабынан кол салуулар болуп, телеканал бир нече ай эфирге чыкпай калган. Телеканалдын буга чейинки жетекчилиги жана оппозициялык саясатчылар аны бийликтин кысымы катары баалашкан.(SM)

XS
SM
MD
LG