Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:01

Бүгүн АКШнын президенти Жорж Буш улуттук сыналгыдан Ирак боюнча жаңы стратегиясын жарыялады


Буш Ирактагы америкалык аскерлердин санын 20 миңден ашуунга көбөйтөрүн өз сөзүндө айтты. Жоокерлердин көпчүлүк бөлүгү Багдадда жайгаштырылат. Жорж Буш Ирактагы өз ара согушту “акылга сыйбас” көрүнүш катары баалады. Буш Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики жана башка лидерлерге өлкөдөгү жаатташтык согушун токтотууга өз салымдарын кошууга чакырды. “Эгерде Ирак өкмөтү өзүнүн убадаларын аткарбаса, Америка элинин, анын менен бирге Ирак элинин колдоосун жоготот. Аракет кылууга убакыт келди. Муну премьер-министр жакшы түшүнөт”-, деди Жорж Буш. Учурда Иракта америкалык 130 миң жоокер бар.

XS
SM
MD
LG