Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:19

ЭМИЛ ҮМӨТАЛИЕВ: ВИЗА РЕЖИМИ –МЕЙМАНДОСТУКТУН БЕЛГИСИ ЭМЕС


«Кыргыз концепт» компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев өкмөт алдындагы экономикалык кеңештин мүчөсү катары анын ишине байланышкан бир катар суроолор боюнча жана туризмди өнүктүрүүгө болуп жаткан тоскоолдуктар жөнүндө «Азаттык» менен аңгемелешти.

- Мен жаңылбасам, сиз өкмөт алдындагы экономикалык кеңештин мүчөсү болсоңуз керек. Ошол кеңеш иштеп жатабы, мисалы, өткөн жылдын ичинде ишкерлердин кайсы бир сунуштары өттүбү ошол уюм аркылуу?

- Ал кеңештин максаты премьер-министрдин өзүнө орчундуу маселелерге кеңеш, консультация берүү тарабында иштеген кеңеш болду. Ошондуктан көпчүлүк учурда мамлекеттин, же өлкөбүздө болуп аткан иштердин бардык маселелерин чагылдырган жок ал кеңеш. Өкмөттүн иштеген бардык маселелерине катышкан деле жокпуз. Биз кээ бир гана маселелер боюнча премьер министрдин сунушу боюнча талкууга салынган маселелерге катышып, өзүнө гана түздөн-түз кеңеш берип аттык. Ошондуктан биздин ойлор, же айтылган кеңштер сөзсүз түрдө кабыл алынды, же кабыл алынган жок деп айта албайбыз.

- Эми ал иштин улантылышы жаңы өкмөт кандай түзүлөрүнө, ким премьер министр болоруна жараша болсо керек?

- Сөзсүз түрдө. Азыркы учурда өкмөт отставкага кеткенден баштап ал кеңеш негизинен ишин уланта албай калды.

- Өзүңүз иштеген чөйрөнүн тармактарына келсек? Былтыркы аяктаган жылы туроператорлор ассоциясынын эсебинде Кыргызстанга алыскы чет өлкөдөн турист катары келген чет элдиктердин саны көбөйүптүр. Бул маалымат туурабы?

- Көбөйдү, өтө көп эмес, бирок негизинен жылдан жылга көбөйүп атат. 24-мартта революция болгон жылы кичине токтоп калды. Бирок, өтө артка кеткен жок. Кичине-кичинеден көбөйүп келаткан. Өтө өйдөлөп да кеткен жок. Бул эл аралык дүйнө жүзүндөгү болгон тенденциянын гана уландысы. Мындан ары деле кичинеден көбөйөргө эл аралык тенденциянын жолунда шарт бар. Бирок өзүбүздүн мындан да ылдамыраак көбөйтүүгө шартыбыз болот эле, эгерде биз туура чараларды колдонсок.

- Кандай чаралар мисалы?

- Кыргызстанды эл аралык рыноктордо азыраак таанышат, мамлекет, өкмөт тарабынан, бардык коомчулугубуз тарабынан өлкөбүздүн мүмкүнчүлүктөрүн көбүрөөк билдире элекпиз. Андан тышкары биз негизги туристтик рынокторго өзгөчө Европа, Америка рынокторуна өзүбүздүн мамлекет тарабынан мейман достугубузду жакшы билдире элекпиз. Анткени, эгерде биз ал тараптан туристтерди күтүп атсак, биз аларга виза режимин сөзсүз жоюп салышыбыз керек. Канчалык жеңилдетебиз деп аларга түшүндүрбөсөк дагы, бирок виза режими өзү кандайдыр бир ошол өлкө менен болгон мамилебиздин анча меймандосчулук эмес экенин билгизет. Чындыгында туристтерди күткөн өлкөлөр сөзсүз визаны жоюп ташташат.

- Бирок, ошондой сунуштар жасалып келинет, бирок азырынча жасала элек. Сиздердин компания быйылкы жылдын ичинде кайсы эл аралык туристтик жарманкелерге катышууну белгилеп жатасыздар?

- Азырынча биз тактап, Берлиндеги өтүүчү эң чоң эл аралык ярмарка бар “Ай-ти-ви” деп коёт, ошого даярданууга катуу чараларды көрүп атабыз. Кийин күзгө жакын Японияда өтө турган жарманкеге камынышыбыз мүмкүн.
XS
SM
MD
LG