Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:32

ЖЕР ТИТИРӨӨДӨ ЖАБЫР ТАРТКАНДАРДЫН АБАЛЫ ООР


Кабыл Макеш, Акан Иманов, Мирлан Токталиев, Сабыр Абдымомунов Жер титирөөнүн кесепети Кочкор, Баткен аймактарына көп экономикалык зыян алып келип, ондогон үйлөр жараксыз болуп калган. Деги эле жер титирөө, андан сактануу тууралуу калкта маалымат, түшүнүк барбы?

Табияттын эң коркунучтуу кырсыгы- жер титирөө. Адистердин айтымында жер титирөөлөр жер бетинен ондогон, кээде жүздөгөн км. тереңдигинен тоо тектердин жылышынан пайда болот. Жер титирөөнүн чордону- эпицентри түзүлөт. Бул жерде жер кыртышы өзгөчө катуу силкинип термелет. Эң күчтүү жер тиртирөөдө жерде терең жаракалар пайда болот жана жер көчкүлөрү жүрүшү мүмкүн. Ал түгүл өзөн суулардын нугу өзгөрүлүп, шаркырамталар жана көлдөр да пайда болушу ыктымал.

Өлкөнүн улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун жетекчиси Канатбек Абдрахматовдун айтымында жер титирөөлөр тоолуу аймактарда көбүрөөк болот. Жер бетинде бир жылда 100 миңден ашык жер титирөө болуп тураары катталган. Өтө начар силкинүүнү өтө сезгич приборлор- сейсмографтар гана байкайт. Термелүүнүн күчү шкала боюнча бирден он экиге чейинки балл менен өлчөнүп, жер титирөө болушу ыктымалдыгы аныкталып атайын картасы түзүлөт. Жер титирөө океанда болсо цунами толкундарын пайда кылышы мүмкүн.
Жер титирөөнүн кыйратуучу күчүнөн коргонуу, сактануу ыкмаларын үйрөнүү зарыл.

Жер шарында үрөй учурган жер титирөөлөр болгон. Өткөн кылымдагы окуяларды эле мисалга келтирейин. 1908-жылы Италиядагы Мессина шаары жер титирөөдөн толук кыйраган. 1963- жылы Югославиядагы Скопле деген шаар урандыга айланган. Ал эми 1966- жылы Ташкент шаары жер титирөөдөн бүлгүнгө учураган. Кыргыз жергесинде 1911- жылы Кеминде эң катуу 11 баллдык жер титирөө катталган.1970- жылы Ысыккөл облусунун Аксуу районундагы Сарыкамыш айылында 8 баллдык жер титирөө болуп, айылдагы үйлөр дээрлик жашоого жараксыз болуп калган. Анда совет доору болгондуктан союздук республикалардан жардам келип, 3-4 айда жаңы үйлөр салынып калган.

Ошондой эле 1978- жылы Түп районунда 7-8 балл жер титирөө болуп, көп үйлөр кулап калган.
Өткөн жылдын 25-декабрдан 26-декабрга караган түнү алты жарым - жети балл жер титирөөнүн кесепети Кочкор районуна көп экономикалык зыян алып келип, ондогон үйлөр жараксыз болуп калган. Учурда өзгөчө кырдаалдар боюнча он бир комиссия иштеп жатат. Болжолдуу маалыматтарда, бул жер титирөөнүн кесепети Нарын жана Ысыккөл облустарынын Кочкор, Тоң, Ысыккөл райондоруна, Балыкчы шаарына тийди.

Жер титирөөдө баарынан көп Кочкор району жабыркаган. Кочкор районунда болгон зилзиладан кийин туура 15 күн өттү, райондун тургундары гуманитардык жардамдардын таратылышына жана иштеп жаткан 11 комиссиянын, жабыркаган тамдарга чыгарган жыйынтыктарына нааразы экендиктерин билдиришүүдө, Кочкор тургундары мамлекет жана жергиликтүү бийлик тараптан жапа чеккендерге жетиштүү көңүл бурулушун жана тиешелүү жардамдар тез арада берилишин буга чейин да талап кылып келишкен.



Кочкор району боюнча акыйкатчынын өкүлү Садыбакас Бакировдун айтымында, жергиликтүү калк көбүнчө жер титирөөдөн кийин жаракка кеткен, ураганы калган тамдарыбызды текшерип эч кандай комиссия келген жок деп көп кайрылууда дейт.

-Бул жерде олтурушкан адамдардын баарынын, үйлөрүнөн жарака кеткен, ушул кезге чейин бир да комиссия келип текшерүү жургузгөн жок, кээ бир тамдар урай турган абалда болуп калды. Эгер басып калса эмне кылабыз деген арыздар менен келип атышат. Анан эң коркунучтуусу бир эле балл болсо басып калчудан, ошондой тамдар өтө көп.Тургундардын арасында көчө албагандар инвалиддер бар, алар үйлөрүндө эле жатышат төрт дубалы тен ажырап,- деди акыйкатчы өкүлү Садыбакас Бакиров.

15-январга чейин кимдерге жардам берүү керектиги тууралуу тизмени комиссия аныктамак. Бирок, акыйкатчы өкулу Садыбакас Бакировдун айтымында, жабыр тарткандар көп болгондуктан жана Кочкордун өзундө эле 8 квартал бар, комиссия өз ишин мөөнөтүндө үлгүрбөй калышы ыктымал. 15-январга чейин жыйынтык чыгара алышпайт болушу керек деген сөзүн кошумчалады.

Айыл тургундарынын айтымында, коммисия текшерип келип, тамыңарды өз күчүнөр менен кураштырып жашай тургула деп айтып кетип аткандары да белгилүү болду.

-Менин атым Кожокматов Азим, тамдар боюнча айтсак ЧСтин полковник, подполковниктери келип зым менен курчап койгула деп кетти. Мен болсо Кадыркулов Эмил айрынын сабы болбосо же кетмендин сабы болбосо, тамды зым менен курчап коюууга болбойт да жана зым да жок.

Жер титирөөдөн жапа чеккендерге эл аралык жана башка уюмдардан 12 миллион сомдон ашык гуманитардык жардам келген. Кочкорлуктар гуманитардык жардамдардын таратылышына жана комиссиянын ишине нааразы экенидиктерин билдиришүүдө.

- Мен Шайкул Осмонова биздин үй жаракка кеткен, комиссиялар келеби десем эч ким келген жок. Качан колунан кармап алып жетелесен, ошондо гана барышат экен.

-Мен Аскарбек Эсенгулов Тендик айылынын тургунумун, гуманитардык жардамды кимдин астында машинасы болсо, кимдин колу жетиштүү болсо ошолор гана алышат экен. Ал эми бей бечаралар ар кимге барып арыз муунун айтып орто жолдо кала беришет экен.

Учурда оперативдик топ элге жеринде жардам берүүнү улантууда. Ал эми өкмөттүк комиссия жер титирөөнүн кесепеттерин иликтөөсүн 15-январда аяктап, абал тууралуу толук маалымат берет.

Учурда 6 миң 800 үйдүн ар кандай деңгээлде зыян тартканы кабарланууда.

Кочкордун Кумдөбө айылынын тургуну Кенжебек Кудайбергеновдун айтымында учурда күн өткөн сайын суук күчөп, Кочкор районунда ар дайым катуу шамал болуп турат:

-Үйлөрдү кыдырганда дагы жарылып кеткен үйлөрдө кары-картаңдар, балдар жашаган үйлөр көп. Ал үйлөргө аябай суук кирип аткан экен. Аларды колдон келишинче чүпөрөк менен жыртык, тешиктерин бүтөп коюшкан. Бирок, ал деле көпкө турбайт го.Көп үй-бүлөлөр өз үйлөрүнөн коркуп башка үйлөргө көчүрүлдү. Чынында Кочкордо абал абдан кыйын,- дейт Кенжебек Кудайбергенов.

Кочкор аймагында болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу тууралуу Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды. Жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча Бишкекте жана Кочкордо штаб түзүлүп, «Кыргызстан» банкында атайын эсеп ачылган.

Кочкорлук Азамат Кыязовдун пикиринде маалымат каражаттарында Кочкордогу жер титирөөнүн зыяндары ачык чагылдырылбай жатат. Өлкө тургундары турак үйлөрүн курууда жер титирөөгө каршы ыкмаларды колдонгон эмес. Натыйжада сокмо дубалдар жарылып, жарака кетип жашоого жараксыз болуп калууда. Ошондуктан үй курууда сейсмикалык эрежелер сакталышы керек.

--Кочкордогу трагедия КТРден жана башка маалымат каражаттарынан толук ачык- айкын чагылдырылбай жатат. Ошондуктан өкмөт деле анча маани бербей, жардамдар аз көрсөтүлүп жатат. Эми процетсиз ссуда берилсе, жабыр тарткандарга чыгымдарына жараша ачык - айкын берилсе деймин. Себеби колунда бийлиги, таасири барлар алышып, жең ичинен бөлүнүп, карапайым элге дагы жетпей калышы ыктымал.

Бишкектик Айдар Мамытовдун айтымында, өлкөдө жер титирөөнүн кесепетинен сактануу иш - чаралары көрүлбөйт. Элдин жер титирөө кырсыктары тууралуу маалыматы, түшүнүгү жетишсиз. Совет доорунда граждандык коргонуу уюму машыгууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзчү. Кыргызстанда жер титирөөнүн зыяндарын калыбына келтирүү, сактануу иш- чаралары тууралуу мыйзам да кабыл алына элек.

- Кочкорго мен барып келдим. Ал жерде чын-чынында эле жапа чеккен үйлөрдүн, ишканалардын, мектептердин, айрыкча өткөн кылымдын 30-40-50-жылдарында салынган үйлөр жабыркап, дубалдардан жарака кеткени көрүнүп турат. Жаз келип, күн жылыса көп үйлөр дагы кулашы ыктымал. Мындай үйлөргө жашоого болбойт.

9-январга караган түнү Баткен аймагында дагы жер титирөө болуп, жергиликтүү калк мурдакы кырсыктан сабак алгандыктан турак үйлөр анчалык кыйроого учурган жок. Учурда облуста Чукул кырдаалдар министрлигинин беш оперативдүү тобу иш алып барууда. Зилзаладан айрыкча Лейлек районунун Катран айыл өкмөтүнө караштуу калктуу отурумдар зыян тартышкан. Ал аймакта 96 турак жай катуу кыйроого учурап, анын ону таптакыр жашоого мүмкүн эмес деп табылган.

Дагы да болсо 7 баллдык күчү бар жер титирөөдө көпчүлүк үйлөр туруштук берди. Бул да болсо аймактагы үйлөрдүн жыгач каркастарынын жардамы дейт,Катран айылынын тургуну Абдыгапар Сулайманов.

Ал эми Баткен губернаторунун орун басары Акжол Мадалиев үйлөрдүн дээрлик талкаланбай калышы, Баткенде 1977-жылда катталган катуу жер титирөөдөн кийинки сабактын натыйжасы дейт.

Облустук акимчилик берген маалыматка ылайык, жалпысынан Баткен облусу боюнча бир жарым миңге чукул үй, 16 социалдык маданий курулуштар, 13 медициналык ишкана, 26 мектеп, 1 бала бакча жана эки жарым чакырым жол ар кандай деңгээлде жаракат алган.

Бишкек шаарынын айланасында чептей болуп отузга жакын жаңы конуштар курулуп жатат. Каражаты жок айрым атуулдар турак үйлөрүн архитектуралык эрежелерди сактабай, жер титирөө кырсыктарына туруштук берүү ыңгайын эске албай куруп жатышат.

Бишкек шаарында бүгүнкү күндө расмий эмес маалыматтар боюнча бир миллиондон ашык эл жашайт жана шаарыбыздын чет жакаларында кыркка жакын жаңы конуштар орун алган. Биз Кара-Жыгач жаңы конушуна барганыбызда, үйлөрдүн 60 пайызынын курулушу аяктап калган экен. Көпчүлүгү кичине тамдар. Алардын басымдуу бөлүгү топурак самандан салынган үйлөр. Ал эми бышкан кирпич менен салынган үйлөр бирин-серин көзгө урунат. Биз жаңы конуш тургундарына: сиздер там тургузганда баардык сейсмологиялык шарттарды колдондуңузбу деп суроо узаттык?

- Атым Кочкорбай. Шартка байланыштуу андай тургузган жокпуз. Каражат жетишпейт. Аракет кылып, кыйналып, эптеп салынган нерселер. Жер титирөөгө туруштугун айталбайбыз. -

- Мен Алмазбек Имашовмун. Колдон келишинче салдык. Азыр сейсмикалык талаптарга жооп бергидей кылып салгыдай каражат жок. Арматуранын метри 80-90 сомдон, бир чоңураак үйгө 15-20 миң метр керектелет, анан цементтин баасын айтпа, кирпич болсо 7-8 сомдон. Андай талапка жооп бергидей там салыш үчүн, кеминде 15миң Америка акчасы керек.

Биз Кара Жыгач конушун айланып басып, бир жарым кабат болуп, ак кирпич менен салынган үйдү көздөй бет алдык. Үй ээси Эмил Тиленбаев автоунаа оңдоп эмгектенет экен. Ал тамды баардык сейсмологиялык шарттарды колдонуп тургузган экен.

- Сейсмологиялык шарттарды колдондук. Долбоорун алып, арматурасын салып, цементти аяган жокпуз. Менимче жер титирөөгө туруктуулук кылат болуш керек.

Жаңы конушта курулуш иштери жаздан күзгө чейин эле эмес, бүгүнкү күндө да жүрүүдө. Бышкан кирпич менен үйдүн дубалын көтөрүп жаткан Дамир Кыдырмашев, 22 жылдан бири куруучу болуп эмгектенет экен. Катуурак жер титиресе үйлөрдүн 30пайызы кыйрайт дейт.

-Мен көрүп жүргөнүмдө көбүнесе кичине тамдар салынууда. Баары эле чоподон тургузушууда. Четтен келген кишилер, айылда салгандай эле салып жатышат.Эгерде катуурак жер титиресе 50 пайызы дебейин, үйлөрдүн 30 пайызы кыйрайт.

Бүгүнкү “Коом жана турмуш” радио түрмөгүбүздө жер титирөө кырсыктары, андан сактануу иш-чаралары, Кочкор жана Баткен аймактарындагы зилзаладан жабыр таркандардын ал-абалы тууралуу кеп болду.

XS
SM
MD
LG