Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:11

ОРУСИЯДА КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫ ЖАҢЫ ӨЗГӨРҮҮЛӨРГӨ КЫЗУУ ДАЯРДАНЫП ЖАТЫШАТ


Төрөкул Дооров, Москва Үч күндөн кийин, 15-январда, Орусияда чет-өлкөлүк мигранттарга тиешелүү эки жаңы мыйзам күчүнө кирет. Адистердин айтымында, ал мыйзамдарга ылайык, мигранттар үчүн Орусиянын аймагында каттоодон өтүү жеңилдейт жана жумушка орношуу үчүн уруксат алуу да оңой болуп калышы керек. Бирок чет-өлкөлүк мигранттарга базарларда сатуучулук кылууга тыйуу салынат. Мына ушул өзгөчөлүктөрдүн маани-мазмунун кыргыз мигранттары билишеби?

Кыргызстандын миграция жана жумуш менен камсыздоо мамлекеттик комитетинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Тажимамат Шаболотовдун айтымында, жаңы эрежелерге ылайык, чет-элдик мигрант үчүн Орусияга келгенде каттоодон өтүү оңой болуп калат. Мисалы, буга чейин чет-элдик атуул Орусияга келгенде үч күндүн ичинде каттоодон өтүшү зарыл эле. Болгондо да «мигрантты каттоого алыңыздар» деп үйдүн ээси райондук ички иштер органдарынын бөлүмдөрүндө, паспорт үстөлдө, кезектерде туруп келген.

- Эми 15-январдан тартып анын баарына чекит коюлат. Мигранттар орус жергесине келгенде үч күндүн ичинде үйдүн ээси, же иштеген жеринен эле өкүл менен жакын жердеги почта бөлүмүнө барып, тийиштүү документтерди тиркеп, Орусиянын Федералдык миграциялык кызматына (ФМКга) кат жиберип коюшат. Ал катты мигрант өзү эмес, ал жашаган үйдүн ээси же жумуш берген ишкана жөнөтөт. Катты почта аркылуу, же ФМКга өздөрү алып барып берсе да болот. Ошол арызды ФМК карап, кийин мигрантты «каттоого алынды деген» мөөрү басылган кагаз кайтарып берет - дейт Тажимамат Шаболотов.

Бирок, чын-чынында, абал бир топ эле татаал болушу мүмкүн. Анткени көбүнчө Кыргызстандан Орусияга келип жаткан мигранттар кайсыл үйгө келип коноорун так билишпейт. Тууган-урук каерде 15-20 адам болуп, бир квартирада жашаса, ошол жерге эле келе беришет. Адатта, ал үйлөрдүн ээлери мигранттар менен бирге документтерди көтөрүп жүрүүнү каалашпайт.

Жаңы мыйзам боюнча, дагы бир маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири – жумушка орношуу үчүн уруксат алуу. Негизи, эрежеге ылайык, 15-январдан кийин мигрант өзү эле Орусиянын Федералдык миграциялык кызматына барып, тийиштүү документтерди тапшырса, 10 күндөн кийин ага жообу берилиши шарт. Болгондо да, иштеш үчүн уруксат бере турган документ 1000 эле рубль турат. Ал эми Москвада көпчүлүк мигранттар бул тууралуу билишпегендиктен, иш берүүчүлөргө алданып калышы ыктымал. Мындай фактылар азыртадан эле баштала тургандай болуп турат.

Мархаба деген кыз азыр Москвадагы супермаркеттендин биринде иштейт. Мисалы, ага деректири: «Бул документ үчүн бир канча миң рубль төлөйсүң», - деп айтыптыр.

- Бизде жумушта деректирибиз: «Силерге жумушка уруксат берчү документти жасап беребиз. Бирок азырынча ал канчага турушун билбейбиз. Балким, алты миң рублдан 10-12 миң рублга чейин болушу мүмкүн. Азырынча так айта албайбыз. Жасап бүткөндөн кийин силер акчасын бересиңер», - деп айтты. Бизге айтканга караганда, ал бул жакта каттоого отургандай эле документ болот окшойт, бирок буга жакшы түшүнгөн жокпуз. Кайра сурасак: «Көчөдө милиция токтоткондо, ошону көрсөтөсүңөр» деген болчу деректирибиз, - дейт Баткен облусунан келген Мархаба.

Ал эми Оштон келип, азыр Москвада курулуш объектилеринде иштеп жаткан 23 жаштагы Азаматтын айтымында, айрымдар азыртадан эле жумушка уруксат берчү документтерди даярдап жатышыптыр.

- 14-15 миң рубльга жасайбыз деп жатышат баардык документтерди. Анын ичинде алты айга каттоодон да өткөрүп, анан бир жылга кайсыл бир документти жасап беришет окшойт. Иши кылып, документтерди жасашат экен, - дейт Азамат.

Демек, азырынча күчүнө кире элек эрежелер боюнча да айрымдар адамдардын башын айлантып, акча иштей баштаган өңдүү. Бул окуялар - Москвадагы мигранттардын турмушунан. Москва өтө эле чоң болгондуктан мигранттарга маалымат да өз учурунда жетпей жатат. Биз менен баарлашкан мигранттардын көпчүлүгү жаңы эрежелер тууралуу такыр эле кабары жок экенин, же алар тууралуу жакшы билбей тургандыгын айтты. Алар кабарларды бири-биринен гана угуп, ким каерде документ даярдаса, ошолор менен байланышып жатышат.

Ал эми Орусиянын башка шаарларында абал дурусураактай сезилет. Мисалы, беш миңге жакын кыргыз мигранты бар Сургут шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Кубанычбек Айдаров «Азаттыкка» билдиргендей, ал жакта бүт эле мигранттар жаңы эрежелер киргизилип жатканын билишет жана камын жеп жатышат.

- Бизде азыр базарларда дээрлик күндө рейддер, текшерүүлөр жүрүп жатат. Бизге бул жактагы кыргызстандыктар утуру телефон чалып, эмне кылыш керектигин сурап жатышат. Бул жакта кыргыздардын 70% соода-сатыкта иштейт. Эгер аларды массалык түрдө базарлардан чыгара турган болсо, анда билбейм эмне болот, - деди Сургуттан Кубанычбек Айдаров.

Ал эми Ростов шаарында жайкысын иш кычап турган чакта кыргызстандык мигранттардын саны 4-5 миңге чыгып кетет. Ал жактагы «Манас» деп аталган диаспоранын өкүлү Жаныбек Кожомбердиевдин айтымында, азыр Ростовдо 1,5 миңдей кыргызстандык бар. Алар да бүт аракеттерин көрүп жатышат.

- Элдин баары азыр кандай справкалар керек, эмне кылыш керек деп эле даярданып жатышкан чагы. Бирок биздеги негизги эки базардагылардын 30% Орусиянын жарандыгын алып алышкан. Дагы бир топ киши документтерин тапшырып коюшкан, алар да ушул январь, февраль, март айларында паспортторун колуна алышат. Эки-үч айдын ичинде бул жактагы кыргызстандыктардын дээрлик жарымысы орус паспортуна ээ болот го деп жатабыз.

Ж.Кожомбердиевдин айтымында, азыр эң эле жеңил жол орус атуулдугун алуу болуп калды.

- Азыр мыйзамдуу иштеш үчүн бул жакта эң эле оңой жолу - орус атуулдугун алуу. Ушу тапта орус атуулдугун адамдар төрт-беш, ашып кетсе алты айда алып жатышат. Мында эч кандай кыйынчылыгы деле жок. Кыргызстандан каттоодон чыгып келип эле, документтерин тапшырса, 5-6 айда алып калышат, - деди Ростов шаарындагы «Манас» кыргыз диаспорасынын өкүлү Жаныбек Кожомбердиев.

Жаңы өзгөрүүлөргө даярдыктар тууралуу мына ушундай эле жоопторду Новосибирск, Иркутск шаарларындагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрүнөн уктук.

XS
SM
MD
LG