Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

ЭЛ ЫНТЫМАГЫ” ПАРТИЯСЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ КОЧКОРДОН ЭМНЕ КӨРҮП КЕЛДИ?


Өлкөнүн түштүк аймагынан мурда түндүгүндө жаңы жыл алдында катталган жер титирөөдөн эң көп Кочкор районунун тургундары жабыр тарткан эле. Анда жапа чеккендердин тизмесин аныктоо боюнча өкмөттүк комиссиянын тыянагы 15-январда чыгат деп күтүлүүдө. “Эл ынтымагы” партиясынын жетекчи Роза Акназарова кочкорлуктар менен жолугушуп кайткан.

- Кочкор районуна сиздер партиянын атынан жардам көргөзүп бардыңыздарбы же жөн эле кабар алуу үчүнбү? Өкмөт өкүлдөрү менен депутаттардын берген маалыматтары кээде кайчы чыгап калып жатат. Сиздер эмнелерди байкадыңыз?

-Биз ал жерге өзүбүздүн партиябыздан анча-мынча жардам берип жана өзүбүздүн сунушубузду бериш үчүн бардык. Биз мектептерди кыдырдык. Акжар, Семизбел деген мектептер өтө оор акыбалда экен. Ал жерде балдар окууга болбойт. “Жаман айтпай, жакшы жок” дегендей, ал жерде үч балл жер титирөө эмес, жөн эле балдар жүгүрсө дагы дубалдары урап кете тургандай акыбалда экен.

Андан сырткары көп үйлөрдү кыдырдык. Исакеев, Кочкор, Чолпон, Теңдик Семизбел ж.б айыл тургундарынын үйлөрүнө кирдик. 80-90 пайыз үйлөрдүн дубалдарынан жарака кеткен. Негизги өкмөт тарабынан, эл аралык уюмдар тарабынан жардамдар берилип жатыптыр.

Менин мурунку иштеген жерим Сузакта суу каптабады беле. Ошондо биз фонд түздүк эле. Турак-жай куруу фонду түзүлгөн. Ошол фонд аркылуу узак мөөнөткө проценти жок кредиттер берилди эле. Ачык-айкын. Ошол фонддун ичинде баары жайгашкан. Бул жерде ачык-айкын болбой жатат. Келген жардамдарды бул жакка, тигил жакка таратты деген нааразылыктар бар экен. Биздин партия бир сунуш берет эле. Түшүп жаткан, Каржы министрлигинен бөлүнгөн акчаларды ошол фондго жайгаштырып, ачык-айкын, туура бөлүштүрүү болсо, элде нааразычылык болбойт эле.

- Азыр алты миңден ашуун үй ар кандай деңгээлде зыян тартты деп жатышат. Сузактагы суу ташкындын кесепеттерин жоюуу механизми барбы өкмөттө? Же андан бери жагдай өзгөрүп кеттиби?

-Иштелип чыккан механизм бар. Сузактагыдай эле механизм жасалса жакшы болмок. Биз Сузакта жүз күндө миң үй салганбыз. Бирок, ал жерде комиссиянын да деңгээли өтө чоң болгон. Мамлекеттик катчы өзү башында турган. Биз ошол жерде иштеп жаткан кызматкерлер менен жүз күн күнү-түнү дебей иштегенбиз. Азыркы кышкы мезгилде жыйынтыгын эле чыгарат. Ким канча кайсы деңгээлде кырсыкка учураган. Эми тез аранын ичинде иштеш керек.

- Эми сизге саясий партиянын жетекчиси катары дагы бир маселе боюнча кайрылайын. Кечээ Коопсуздук кеңештин кезектиги жыйыны өтүп, анда президенттин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, кеңештин мүчөлөрү президентке Конституциянын 30-декабрда өзгөртүлгөн жаңы редакциясына кол коюууну сунуш кылышыптыр. Сиз президенттин кол коюшун жактайсызбы?

-Биздин партиянын демилгеси менен Саясий партиялардын парламенти түзүлбөдүбү. Биз ал жерде карап көрдүк. Негизи 93-берененин 2 пунктуна ылайык Конституциялык соттун чечими керек. Негизи эле мамлекетте бүт процедуралар мыйзам чегинде иштесе жакшы болмок. Бул негизги мыйзамды элүү жылга кабыл алабыз же жүз жылга кабыл алабыз десе, жакшы кылып, бардык саясий партиялардын, эч кимдин саясий укугу тебеленбей кабыл алынгандай болгондо жакшы болот. 90-берененин 2 пункту сакталыш керек.

XS
SM
MD
LG