Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:02

16:50 Жалалабат бийлиги Өмүрбек Текебаевге байланыштуу маалымат берди


12-январда Жалалабат облустунун жана Базаркоргон райондунун бийликтери депутат Ө.Текебаевге байланыштуу маалымат жыйынын өткөрдү.

Базаркоргон районунун акими Айтмамат Осмоновдун айтымында, депутат Ө.Текебаевдин шайлоочулары менен жолугушууларына 200-250 адамдан катышып турду. Ал эми облустан келген милициянын өзгөчө отряды “Авык” айлына коомдук тартипти сактоо үчүн барган. Аким Айтмамат Осмонов экс-спикердин эл менен жолугушуусун үзгүлтүккө учуратууну көздөгөн адамдарды бийлик даярдаган эмес, деп билдирди.

Ал эми губернатор Искендер Айдаралиевдин айтымында, “Сентябрь” телеканалына курал менен кол салган окуяга облустук бийликтин тиешеси жок. Бирок губернатор кимдер кол салганын да билбестигин айтты.

Ушул аптанын башында “Атамекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Базаркоргондо шайлоочулары менен жолугушкан. “Авык” айлында анын эл менен кездешүүсүнө уюшкан топ тоскоолдук кылган. Партиянын маалыматы боюнча, депутатка асылган ал адамдарга милиция эч кандай чара көргөн эмес. ”Сентябрь” телеканалына кол салууну дагы “Атамекен” бийлик уюштурду деген пикирде. (YA)

XS
SM
MD
LG