Шейит кетти делген зыяратчылардын тизмесинде дагы бир адам тирүү болуп чыкты. Ал буга чейин жарыяланган тизмеде төртүнчү болуп жазылган оштук Уулкан Ахмедова болуп чыкты. Бул тууралуу дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Жолборс Жоробеков бүгүн эртең менен «Азаттыкка» берген маегинде билдирди. Алгачкы маалыматтарда 12-январда Медина – Дубай жолунда болгон жол кырсыгы кыргызстандык 23 ажынын өмүрүн алганы айтылган эле. Кийинчерээк алардын катарындагы Усманжан Сайитхасилов аттуу зыяратчы тирүү, бирок абалы оор экени такталган.(SM)