Армениянын тышкы иштер министринин орун басары Армэн Киракосян Армения менен Туркия ортосундагы мамилелерди өкмөттүк деңгээлге көтөрүүгө чакырды. Ереванда эки тараптуу мамилелерге арналган конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Киракосян, Анкара менен Еревандын ортосунда эч кандай дипломатиялык байланыштар жок жана бул эки өлкөнүн ортосундагы чек аралар жабык бойдон калууда деп билдирди.