Депутат Аскарбек Шадиев бүгүн парламент отурумунда, Өкмөт мүчөлөрүн саясат менен алектенип, жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткандарга көңүл бурбай калды, деп сынга алды. Ал ошондой эле Баткендин губернатору лейлектиктерге төрт кап ун бергенине жергиликтүү эл нааразы болуп жатканын билдирди.