Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

16:02 Жалалабатта билим берүү тармагын реформалоо боюнча беш күндүк семинар башталды


Семинар 2008-жылдан тарта ар бир окуучуга жараша бюджет түзүүнү район-шаарлардагы казына жана билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына үйрөтмөкчү. Анда Бишкектеги «Социум консалт» уюмунун деректири Роза Учкемпирова былтыр облустагы бир окуучуга жергиликтүү казынадан республикалык деңгээлге караганда 500 сом аз каражат бөлүнгөнүн мисалга тартты. Ал айткандай, мектептердин комуналдык кызматтарына бюджеттин 3 пайызы берилген. Республикадагы 27 миң окуучусу калган кесипчилик-техникалык окуу жайларына мурдагы 80 миң курсант бардагыдай каражат бөлүнгөн. Аталган окуу жайларда бир мугалимге алты баланы окутууга туура келген. Мектептерде сабактан тышкаркы окууларга акы төлөнбөйт, окуу программалары өтө жыш. (YA)

XS
SM
MD
LG