Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:59

Багдадда Хусейиндин аталаш тууганы дарга асылды


БАГДАД. Бүгүн таң алдында Хусейиндин аталаш тууганы, чалгындоо кызматынын мурдагы жетекчиси Барзан Ибрагим ал-Тикрити жана Ирактын революциялык сотунун мурдагы башчысы Авад-ал-Бандар 1982-жылы 148 шийит мусулманын өлтүрткөн деген айып менен дарга асылды. Бул окуя дүйнө коомчулугунда сынга алынууда. Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Бароссо жана Италиянын өкмөт башчысы Романо Проди бүгүн Италияда сүйлөгөн сөзүндө өлүм жазасынын ишке ашырылуусуна каршы экендиктерин дагы бир жолу кайталашты. Мындан эки жума мурда Хусейиндин дарга асылганы да дүйнө коомчулугунда кескин сынга алынган болчу.

XS
SM
MD
LG