26-декабрдагы зилзаладан Кочкор өрөөнүндө 6880 үй жапа чегип, анын 1,5 миңге жакынында мындан ары жашоо мүмкүн эместиги буга чейин айтылган. 8-январда Баткен облусунда болгон жер титирөөдөн 40тан ашуун үй жараксыз абалга келген. Чукул кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу Жаныш Рустанбеков акыркы эсептөөлөр боюнча Баткендеги зилзала 86 миллион сомдук чыгымга кириптер кылганын кечээ «Азаттыкка» билдирди.(SM)
6:48 Өкмөттө бүгүн Кочкордогу жана Баткендеги жер титирөөнүн кесепеттерин иликтеген комиссиялардын жыйынтыгы каралышы күтүлүүдө