Ички иштер министринин милдетин аткаруучу Өмүрбек Субаналиевдин буйругуна ылайык кызматтык тартипти бузгандыгына байланыштуу МАИ кызматынын бир катар жетекчилери кызматтан алынды. Ысыккөл районунда жол кырсыгынан адам өмүрүнүн кыйылышынын көбөйүшү, жол коопсуздугун камсыз кылууга көзөмөлдүн жоктугунан Ысыккөл районунун МАИ бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын капитаны Тынчтыкбек Байтоков кызматтан четтетилди. Ошондой эле Балыкчы шаарынын МАИ жетекчиси Кубаныч Акимов да кызматтан алынып, Ысыккөл облустук МАИ жетекчиси Батырбек Сатыбековго эскертүү берилди. Талас, Баткен облустарынын МАИ кызматынын жетекчилери Төлөгөн Кубаев менен Сүйүнбек Мамазияевге сөгүш жарыяланды. Ош облусу менен Ош шаарынын МАИсинин жетекчилери Омарбек Өмүрзаковго, Алымжан Чутбаевге катуу эскертүү берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиршти.(AJ)