17-январдан баштап Баткенге курамына психолог, психотерапевт дарыгерлер кирген профессорлордун тобу барып, зилзала болгон учурда катуу корккон атуулдарды он күн бою текшерүүдөн өткөрүшөт. Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Шайлообек Ниязовдун айтымында, Бишкектен дарыгерлер өздөрү менен кошо 250 миң сомго жакын дары-дармек алып барышат. (KCh)