Парламенттин Чукул кырдаалдар, токой чарбасы жана экология комитетинин бүгүнкү талкуусунда Экономика жана каржы министринин милдетин аткаруучу Акылбек Жапаров Нарын, Ысыккөл, Баткен облустарындагы жер титирөөнүн кесепеттерин иликтеген мекемелер аралык комиссия кечээ жыйынтыгын чыгарганын белгиледи. Анын айтымында, комиссия Экономика жана каржы министрлигине 220 млн. сомдон 250 млн сомго чейин каражат табуу милдетин жүктөгөн. Бул каражатты кайсы булактардан алууну караштырып жатабыз, деген Жапаров “зилзаладан жабыр тарткандарга жакын арада бюджеттик ссуда берилип, цемент-шифер заводдун басында жеткирилип, транспорттук чыгымдарды өкмөт өз мойнуна алат”-деди.