Бул тууралуу депутат Аскарбек Шадиев Чукул кырдаалдар, токой чарбасы жана экология комитетинин бүгүнкү жыйынында билдирди. Анын айтымында,өкмөт мүчөлөрү кырсык болгон жерлерге төрт-беш саатка эле барышып, бийликтен киши келди деген түр көрсөтүмүш болушуп, көп убактыларын жолдо, Ош шаарында өткөрүшкөн. Жер титирөөдөн жабыр тарткандар тууралуу өкмөт мүчөлөрүнүн толук маалыматы жок, деди Шадиев. Депутат Малиев дагы Тоң районунда зилзаладан жабыркагандарга өкмөт көңүл бурбай жатканын айтты.