Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгы жалган арыздын негизинде мени мыйзамсыз кармап, убактылуу кармоо жайында 25 күн камады, деп билдирди Кыргызстан патриоттук партиясынын катчысы Назарбек Нышанов бүгүн “Азаттыкка”. Ал эми Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Эркин Эсеналиевдин айтымында, Баткен облусунан беш жүзгө жакын адам “Нышанов коомдук бирикме түзөм, деп мүчөлүк акыларын алып, милдетин аткарбай качып кетти”,-деп укук коргоо органына арыз менен кайрылышкан. Арыздын негизинде прокурордун уруксаты менен Нышанов мыйзамдын негизинде камакка алынып, анын үстүнөн тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ал Баткен облусунун аймагынан чыкпоо тууралуу тил кат бергенден кийин, убактылуу кармоо жайынан бошотулду,дейт Эсеналиев.(AJ)