Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

15:05 “Ар намыс” партиясынын Токтогул районундагы мүчөлөрү Ф.Куловду жактоодо


ЖАЛАЛАБАТ: Райондогу «арнамысчылар» партиядан болүнүп, “Берен” аттуу уюмду түзгөндөр менен макул эмес. Алар 16-январда өткөргөн жыйынында өлкөгө ынтымактык менен тынчтык зарыл экендигин белгилешип, парламентти өкмөт башчылыгына көрсөтүлгөн Ф.Кулов үчүн добуш берүүгө чакырышты.Бул тууралу 17-январда партиянын Токтогулдагы координатору Токтобек Кабылбеков маалымдады. Анын айтымында, Жогорку Кенеш саясий оюндарды, бөлүнүп-жарылууларды токтотуу менен батыраак өкмөттү түзүп, быйылкы жылдын бюджетин кабыл алууну ойлонуусу зарыл. “Ар намыстын” түштүк аймактарындагы координатору Б.Мамырованын маалыматы боюнча Жалалабат облусунда партиянын 4838 мүчөсү бар. Бирок,бул маалыматка бийликчил адамдар ишенбей жатышат (YA)

XS
SM
MD
LG