Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:39

17:05 Сотто экс-спикер Алтай Бөрүбаевдин тарапкерлеринин арызы каралды


Бүгүн Бишкектин биринчи май райондук соту экс-спикер Алтай Бөрүбаевдин тарапкерлеринин арызын карады. Бөрүбаевдин тарапкерлери өткөн жылы ноябрь айында Кыргыз Улуттук университетине ректорду шайлоодо мыйзам бузууларга жол берилип, административдик ресурс колдонулуп, добуш берүү ректорлукка шайланган Ырысбек Өмүркановдун кызыкчылыгына чечилген, дешип нааразы болушууда. Билим, илим жана жаштар саясаты боюнча министрликтин өкүлү университетке ректорду шайлоо мыйзамдын чегинде, ачык, айкын жүргүзүлгөнүн билдирди. Сот эки тараптын пикирлерин угуп, соттук териштирүүнү кийинкиге жылдырды. (AJ)

XS
SM
MD
LG