Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров жакын арада Конституциялык сотко кайрыларын, бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, президент Курманбек Бакиев 15-январда парламент 30-декабрда сунуштаган Конституциянын жаңы редакциясынын нускасына эмес, башка, жасалма баш мыйзамга кол койгон. Анда жыйырмадан ашуун өзгөртүүлөр киргизилген. Ал эми парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин башчысы Искак Масалиев президент парламент сунуштаган Конституциянын жаңы редакциясына мыйзамдын чечгинде кол койгонун билдирди. (AJ)