Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:12

11:50 Өкмөт Каракечеде жылуулук электр станциясын куруу жөнүндө маселени карап жатат


Каракечеде кубаттуулугу 1200 мегаватт келген жылуулук электр станциясын куруу маселеси өкмөттө каралып, азыркы убакта инвестор изделип атат. Андан иштелип чыккан электр кубаты Бишкек ТЭСине караганда эки эсе арзан болот. Ошону менен катар газды керектөө кыйла азайат. Ф. Куловдун айтымында, Кыргызстанда электр кубаты негизинен суу электр станцияларынан иштелип чыгат. Бул туура эмес. Мамлекет энергиянын бир түрдүү гана булактарын пайдаланбаш керек. Суу аз болгон жылдары Кыргызстандын энергетикасы кыйынчылыкка учурашы мүмкүн. Ошондуктан, Каракечеде жылуулук электр станцияларын куруунун зарылчылыгы чоң. Бирок, бир катар депутаттар Каракечеде электр станциясын куруунун экологиялык зыяны чоң болот деп чочулап жатышканын билдиришти. Куловдун айтымында, Каракечеде жылуулук электр станциясын экологиялык зыянын нормадан ашырбай, аны жаңы технология менен куруу зарыл.(KCh)

 

XS
SM
MD
LG