Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:40

11:55 Ф.Кулов чек араны кайтарууга элдик кошуун түзүүгө каршы


Депутат Мурат Жураев чекара маселесине өкмөт кийинки бир жарым жылдан бери көңүл бурбай калганын, анын кесепетинен Баткендин губернаторуна Тажик чек арачылары автомат кезеп, коркутууга барганын белгиледи. Ал “Эмне үчүн өз алдынча мамлекет катары ал окуяга жооп кылып, чара колдонбойт? Жергиликтүү эл чек араны коргоо боюнча элдик кошуун түзүүнү сунуштап жатышат. Чекара маселесине сиздин мамилеңиз кандай?” деген суроо берди. Феликс Кулов элдик кошуун түзүүгө каршы экенин, чек ара маселесин дипломатиялык жолдор аркылуу чечиле тургандыгын, губернаторго байланыштуу окуя боюнча Тажикистандын премьер-министри менен сүйлөшкөнүн билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG