Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:08

14:01 Кулов премьер-министр кызматына сунуш кылынган талапкердигин алып салбайт


Кулов депутаттар тарабынан өзүнүн дарегине айтылган сындарга жооп кайтарды. Куловдун айтымында, ал Кумтөр алтын кенин канадалыктарга берүү жөнүндө келишимди колдогон эмес. Бирок, Кулов Тажикстанга 150 Калашников автоматын саттырганы чын, бул мамлекет башчылардын тапшырмасы боюнча ишке ашырылган, аны парламент текшерип, мыйзам бузуу тапкан эмес. Ал эми Химсинтез боюнча сатылган спирттин акчасы гуманитардык иш чараларга жумшалган. Муну кылмыш деп эсептөөгө болбойт. Кулов Бишкекте мэр болуп турганда көп акчаларды уурдап алган деп айыпталганын, бирок бир да далил табылган эместигин да белгиледи. Ал премьер-министр кызматына коюлган талапкерлигин алып салбай турганын билдирип, бул жөнүндө депутат Бекназаровдун сунушун четке какты. (KCh)

XS
SM
MD
LG