Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

13:40 Алманбет Матубраимов ХИПИКке каршы


Депутат Алманбет Матубраимов өкмөттүн курамына жаңы кадрларды алып келүүнү, өкмөттүн, Жогорку Кеңештин аппаратын 50 пайызга кыскартууну сунуштады. Ал ошондой эле менчиктештирүү туура эмес жүргүзүлгөндүктөн киреше берүүчү ишканалар иштебей калганын, менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугун кайрадан текшерип чыгууну, чиновниктердин мүлкү боюнча деклорация толтуртуп, алардын кирешелерине өкмөт көзөмөл кылуу керектигин белгиледи. Матубраимов ХИПИКке кирүүгө каршы экенин, эл аралык каржы уюмдардан берилген кредиттик ресурстарды ким колдонгонун, кайда кеткенин аныкташ керек, деди. (AJ)

XS
SM
MD
LG