Ооганстандагы согушкерлерди жеңүү максатында Ооганстан, Пакистан жана НАТОнун чалгындоо кызматтарынын биргелешкен борбору ушул айда ачылат. НАТОнун эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн өкүлү Ричард Нуги борбор Кабулда он күн аралыгында түзүлөөрүн айтты. Ооган өкмөтү Пакистанды талибдердин лидерлерине баш паанек берүүдө деп айыптап келгендиктен эки өлкө ортосундагы мамилелер курчуп кеткен.