АКШнын конгрессинин беделдүү сенаторлорунун тобу президент Жорж Буштун Иракка кошумча 21 миң 500 аскер жөнөтүүсүнө каршы конгрессте резолюция кабыл алууну макулдашты. Бул билдирүү ак үй менен конгресс ортосундагы мамиленин курчушуна алып келиши мүмкүн. Сенаторлордун кайрылуусунда АКШнын Ирак саясаты америкалыктардан жана конгресстен колдоо тапканда гана натыйжалуу болоору айтылат. Өткөн жумада президент Буш Ирак боюнча чечим кабыл алганын жана аны өзгөртпөөрүн айткан эле.