АКШнын Ирактын инфраструктурасын калыбына келтирүүгө бөлгөн 22 миллиард доллар акча каражатынын он беш пайызы уурдалган же изсиз жоголгон. Мындай маалыматты америкалык тергөөчү Стюарт Боуэн берди. Анын айтымында, Ирактагы баш аламандык бөлүнгөн акча каражаттарынын өз дарегине жетишине тоскоолдук кылып жатат.