Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:22

12:05 “Кара суу –Эл базарынын” директору атып өлтүрүлдү


Ош облусунун Карасуу районундагы мамлекеттик “Кара суу –Эл базарынын” директору Ырысбек Жоошбековду 18 январдан 19-январга караган түнү саат он бирлерде үйүнүн жанынан белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлдү. Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымдаганына караганда, кылмышкер Жоошбековду анын кошунансынын короосунан аткан. Ал жерден табылган гильза кайсы куралдан атылгандыгы учурда иликтенүүдө. Бул боюнча кылмыш иши козголуп Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жана Карасуу райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмдөрү иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Ырысбек Жоошбеков 2006-жылы апрелде “Карасуу-Эл базарынын” директору болуп дайындалган. (AJ)

XS
SM
MD
LG