Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:23

14:50 Т.Какчекеев: Россиялык ишкер И.Изместьевдин Бишкектен кармалганы мыйзамдуу


16-январда Россиялык ишкер, Федерация кеңешинин экс-сенатору Игорь Изместьевдин Манас абамайданынан кармалып Россиянын укук коргоо кызматына өткөрүлүп берилиши мыйзамдын чегинде жүргүзүлгөн. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын башчысы Токтогул Какчекеев “Азаттыкка билдирди. Анын айтымында, Улуттук коопсуздук кызматы менен ички иштер кызматы эки тараптуу келишимдин негизинде, бир нече адамдардын өмүрүн кыйган кылмышка тиешеси бар делип шектелген Игорь Изместьевди Россиянын күч органдарына өткөрүп берүүгө көмөктөшкөн. Изместьев өткөн жылы 31-мартта Бишкекке Чынгыз Айтматовдун чакыруусу менен келип премьер-министрдин милдетин аткаруучу Феликс Кулов менен жолугушуп, Кыргызстанга “Корос” компаниясы аркылуу жылыга бир млн. тонна мунайзат иштетүүчү завод курууну сунуштаган. Андан кийин өкмөт башчы тарабынан Изместьев менен сүйлөшүү, аны Бишкекке чакыруу сунушу болгон эмес, деп өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG