Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 04:26

17:35 Кочкор районуна келип жаткан гуманитардык жардамдардын айрымдарына эл нааразы болушууда


НАРЫН. 19-январда Нарын облусунун губернатору табият кырсыгынан жапа чеккен Кочкор районуна ички резервден кандай жардам берилип жаткандыгы жөнүндө облустук мекеме-уюмдардын жетекчилерине жыйын өткөрдү. Анда белгилүү болгондой келип жаткан гуманитардык жардамдардын бардыгы талапка ылайык эмес. Мисалы, көп суммага келген жардамдардын арасына жайкы слансылар болсо, “Коунтерпарт Консорциум” эл аралык уюму тараткан кийимдердин көпчүлүгүн кийүүгө мүмкүн эмес, деп нааразы болгон эл бийликтегилерге кайра берип жатышат. Ар кайсы саясий партиялар өз мүчөлөрүнө берип жаткан жардамдар боюнча да башкалар нааразы болушууда, дейт облус губернатору. Ал эми Кочкор районунун мектептерине деп Каракече көмүр кенине дүйшөмбү күнү жүктөлгөн үч машина көмүр Кочкорго келген эмес. Бул ишти иликтөө ички иштер башкармалыгына тапшырылды. (JI)

XS
SM
MD
LG