Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

18:10 Бүгүн Аламедин районунда ОМОНдун бир кызматкери окко учту


Бүгүн Чүй облусунун Аламедин районуна караштуу Пригородное айылында эртең менен саат тогуздарда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Айбек Нарматов милициянын кызматкерлери менен атышып, андан ОМОНдун старшинасы жеринде каза болгон. Экинчи старшина жарадар болуп ооруканага жеткирилген. Нарматов да жарадар болуп, ал учурда милиция кызматкерлеринин кайтаруусунда ооруканада. Ал эми анын жан жөкөрү Чекиров убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, Айбек Нарматов буга чейин адам өлтүрдү делген шек менен издөөдө жүргөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG