БАГДАД. Багдадда жолго орнотулган бомбадан жана үч башка кол салуудан бир америкалык солдат курман болду. АКШнын аскердик жетекчилигинин айтымында, жарылуу солдаттардын тобу автокербенди кайтарып бараткан чакта баш калаанын түндүк-батышында болгон. АКШнын аскерлери менен Ирактын күчтөрү баш калаада зордукчул аракеттерди басуу үчүн шаардын ар бир бөлүгүн биринен артынан бирин согушкерлерден тазалап жатышат.