ПРАГА. Батыш жана Борбор Европа өлкөлөрүндө түндө болгон бороон 29 кишинин өмүрүн алып кетти. Айрым жерлерде бороондун бүгүн да уланышы күтүлөт. Чыгышка карай бет алган Кирилл деген капсалаңдан Германия, Британия, Нидерланды, Чехия жана Францияда адамдар жан таслим болду. Британия менен Чехияда унаанын катсоосу үзгүлтүккө учурап, темир жол жана учак каттамдары кийинкиге калтырылды, айрым жолдор жабылып калды.
Батыш жана Борбор Европа өлкөлөрүндө өткөн түнү болгон бороон 29 кишинин өмүрүн алып кетти