Бул токтомго өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Феликс Кулов кечээ кол койгон. Ага ылайык 2007-жылы чет элдик жана Кыргызстандык эмес 8716 жаранга Кыргызстанда иштөөгө жана ишкердүүлүк кылууга уруксат берилди. Алардын 4175и өндүрүш жана кызмат көрсөтүү тармагында иштөөгө, ал эми 4541и ишкердүүлүк кылууга укуктуу. Аталган токтом Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди.
Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча учурда Кыргызстанда сегиз миңден ашуун чет элдик жарандар иштейт. Ал эми көз карандысыз иликтөөчүлөр бул көрсөткүч бир нече эсеге көп экендигин айтышууда.
Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча учурда Кыргызстанда сегиз миңден ашуун чет элдик жарандар иштейт. Ал эми көз карандысыз иликтөөчүлөр бул көрсөткүч бир нече эсеге көп экендигин айтышууда.