Токмок милициясы тарабынан диний-экстремисттик уюм катары таанымал «Хизб-ут-Тахрир» уюмуна таандык 223 баракча, 23 брошюра алып жүргөн эки адам кармалды. Алар Чүй районуна караштуу Дөңарык айылынын тургундары болуп чыкты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди. (IJz)