Кечээ күнү Ыстамбул шаарынын көчөлөрүнө миңдеген адам чыгып, эртең менен белгилүү журналист Грант Динктин өлтүрүлгөнүнө каршылык билдирди. Улуту боюнча армян, Түркия жараны Динк "Агос" деген гезиттин баш редактору болчу жана гезит редакциясынан чыгып баратканда башка атып өлтүрүлгөн. ХХ-кылымдын башында Түркияда миңдеген армян кырылганы жөнүндө көп жазганы үчүн Динк мурда бир нече жолу соттолгон жана түрк улутчулдары аны такай коркутуп келген. Премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган атайын билдирүү жасап, күнөөлүлөр сөзсүз табылат деп жарыялады.