АКШ Сенатындагы Демократиялык партия фракциясынын жетекчиси Гэрри Рейд кечээ күнү президет Жорж Бушка кайрылып, эгер өкмөт Иранга каршы аскерий сокку урууга даярданып жатса, ага созсүз Конгресстен уруксат алынууга тийиш деп билдирди. Анын айтымында, президент өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башчысы болгону менен, тиги же бул мамлекетке каршы согуш баштоо чечими, конституция боюнча, Конгресс тарабынан кабыл алынат. Ирактын ички иштерине кийлигишип, андагы согушкерлерге аскерий жардам көрсөтүп жатат деп акыркы мезгилде АКШ өкмөтү Тегеранды күнөөлөп келет жана аймакка америкалык аскерлер топтоло баштаган.