Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:15

Иран журналисти сыйлык алуу үчүн Европага чыгартылбай койду


Иран журналисти Таги Рахмани өлкөдөн Европага чыгартылбай койгону үчүн Париж шаарындагы "Чек арасыз репортерлор" деген уюм Тегеранга кечээ күнү каршылык билдирди. Журналистке эл аралык сыйлык берилген жана ал 13-январда Данияда тапшырылмак, бирок өкмөт ага виза бербей койгон, "Мени эмне үчүн өлкөдөн чыгарбай койгонунун себебин бийлик айткан жок. Алар жөн гана Европага боло турган саякат өлкөгө жана менин өзүмө зыян тийгизиши мүмкүн болчу деп айтууда. Эч кандай аракеттер алардын бул чечимин өзгөртө алган жок", - деди Рахмани 19-январда. Ал көз карандысыз журналист жана өз макалалары үчүн 1981-жылдан 2005-жылга чейинт бир нече жолу соттолуп, 5000 күн абакта отурган.

XS
SM
MD
LG