Европанын бүткүл аймагында эки күн бою болгон катуу бороон 39 адамдын өлүмүнө алып келди. Машинелер менен поезддер жолдон чыгып, Чехия, Польша, Румыния жана Словакия электир кубатысыз калды. 19-январда Кирилл деген атка конгон ал бороон Украина жана Орусия аймагына өткөндө, Европа мамлекеттерин карай жаткsрылган куур аркылуу мунайдын агылышы да токтоду. Шамалдын ылдамдыгы айрым учурларда саатына 200 чакырымга жетти. Жалгыз эле Алманиянын аймагындагы зыян бир миллиард доkлар болду деп айтылууда.