Линктер

жума, 19-июль, 2019 Бишкек убактысы 20:15

ООГАН КИЛЕМДЕРИ ПАКИСТАНДА ТОКУЛАТ


Ооганстанда талибдер кулагандан кийин, ишкердүүлүк анча-мынча өнүгө баштады. Бирок коопсуздуктун начарлыгынан улам, дагы башка себептерге байланыштуу ишкерлердин колу байлануу бойдон калууда. Айтылган атактуу ооган килемин экспорттоодогу кыйынчылыктарга да түздөн-түз тийешеси бар.

Ооганстанда 30 жылга чукул созулган согуштун мезгилинде ок жаадырган танкалар менен бомба таштаган самолеттордун сүрөттөрү түшүрүлгөн килемдер жасала баштаган эле. Бирок, албетте, салттуу килемдердин үлгүсүндөгү жаңы стилдеги килемдер да пайда болгон. Алардын бири чоби деп аталат жана ал жүз миңдеген ооган качкындары баш калканч тапкан коңшулаш Пакистандын Пешавар аймагында биринчи жолу 1980-жылдары токула баштаган. Бул тууралуу пакистандык ооган Аминулла Кул биздин радиого буларды билдирди:

Америкалык алармандар калы-килемдерди Ирандан алышчу, бирок 1979-жылдагы исламдык төңкөрүштөн кийин АКШнын өкмөтү Иран менен соодага тыюу салып, ошондон кийин америкалык ири компаниялар Пакистанга келе башташты. Мында килем жасоо Ирандагыдан жарымына арзан. Бул жаңы стилдердин, жаңы түс, жаңы дизайндардын пайда болушуна түрткү болду. Бүгүн оогандар токуган килемдердин 80 пайызы Кошмо Штаттарына эскпорттолот, бул да болсо оогандарга чоң жардам.

Андан бери көп ооган качкындары мекенине кайтып кетишти, бирок аргасыздан үйрөнгөн килем токуудан баш тартып, көздүн майын жеген бул иштин ордуна көбү полициясы, чайчы жана башка кызматтарга орношуп алышкан.

Ооганстанда жолдордун начардыгы, электр кубатынын улам өчүп калышы, ууру-кескилердин көптүгү килем токуунун жанданышына тескери таасирин тийгизип келет. Ушундан улам, качкындардын күчү менен килем жасоо бизнеси Пакистанда уланууда. Ооганстандан айырмаланып, мында күн жылуураак болгондуктан, жайы кышы килем жууп, күнгө кургатып алышат. Килем жууй турган атайын машиналардын бардыгы да ишти жеңилдетет.

Бирок, Пакистандын мыйзамы боюнча мында жасалган килемдер оогандардын колунан чыкса да, "Made in Pakistan" деген жарлык менен экспорттолууга тийиш. Ооган качкындары өздөрү бул өлкөдө жеке менчик ишкана ача алышпай, жергиликтүү экспорт компанияларына көз каранды абалда. Ал эми чет өлкөгө барып, килем саткан дүкөн ачалы дешсе, виза маселеси чыгат. Ушул айда Германияда өткөн килем жарманкесинде Азаттыктын кабарчылары менен баарлашканда, Аминулла буларга даттанды:

Ооган жарандыгы менен проблемалар Европада да көп. Германияга келиш үчүн, Пакистанда жашасам да, Ооганстанга барышым керек. Германиянын визасы үчүн Кабулга алты жолу барууга туура келди. Акыр-аягында жарманкеге катышуу үчүн гана 8 күнгө виза беришти. Сегиз күндө мен эмне кыла алам?

Түпкүлүгү оогандык түркмөндөрдөн болгон Аминулла алты агасы, атасы менен алып келген килемдерин жарманкеде европалык ишкер-алармандар дүңү менен сатып алышты. Ал эми оогандык ишкердин визасы бүтүп, Пакистанга кайтып кетти.
XS
SM
MD
LG