Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

18:50 «Белгилүү журналист Грант Динктин өлтүрүлүшү демократиялык жолдогу Түркияга бедел алып келбейт»


Мындай пикирин Кыргызстандагы «Журналисттер» коомдук бирикмесинин төрагасы Марат Токоев «Азаттыкка» билдирди. Анын ырасташынча армян улутундагы Түркиялык журналист Грант Динктин өлтүрүлүшү демократиялык коомдордогу көп пикирдүүлүк принцибин бузат. Ошондой эле ал Кыргызстанда эч бир журналисттин мындайча өлтүрүлбөгөндүгү көңүл жубатарлык экендигин билдирди. Армян улутундагы Грант Динк Түркиядагы «Агос» гезитинин баш редактору болгон. Аны редакциядан чыгып баратканда белгисиз бирөөлөр башка атып кетишкен. (IJz)

XS
SM
MD
LG