Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

ТИЛИМ-ДИЛИМ: КЫРГЫЗ ТИЛИНИН ДУШМАНЫ КЫРГЫЗБЫ?


Артка кылчайып тарых барактарына көз жүгүртсөңүз, кайран тилдин баскан жолу сыдыргыга салгандай шыдыр эмес, ар дайым тайгак кечүү, тар жолдо келген экен…

Кыргыз мамлекетинин алгачкы жетекчилеринин бири Жусуп Абдрахманов 20- жылы РКСМдин III сьездине барып сөз сүйлөйт. Ошондо В.И.Ленин, «…айтыңызчы, жолдош Абдрахманов, силерде иш кагаздары кайсыл тилде жүргүзүлөт?» деп сурайт, анан «орус тилинде» деген жооп угары менен:

- Товарищи, вы совершаете преступление. Аппарат который работает на чужом языке для большинства населения, аппарат который непонятен для большинства населения, не может быть связан массами…» деп безилдеп жиберип, Абдрахмановду Кыргыз мамлекетин кыргыз тили менен иштөөгө үндөгөн экен.

Анан 1927-жылдын июнь айынан тартып иш кагаздары кыргыз тилине өткөрүлсүн деген «милдет программа» кабыл алынат. Ага ылайык Кыргызстандын бардык орус мектептеринде кыргыз тили негизги сабак катары окутулуп, мамлекеттик мекеме-ишканалар, министрликтер жапырт кыргыз тилин окуп үйрөнө башташат. Ошол убакта иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүүгө Маскөө тараптан эчким деле тыюу салган эмес. Бирок Ж.Абдрахманов менен И.Раззаковдон кийин бийлик башына келген кыргыз жетекчилери орус төбөлдөрүнө жагымпоздук кылуу үчүн ЭНЕ ТИЛИН кремль бутун сүртүп өтүп туруучу «тряпкага» айландырышкан. Ошондон тартып кыргыз тилин коргогондорго улутчул деген айып тагылган. Ошондон баштап кыргыз тилиндеги класстар өзүнөн өзү жабылып, кыргыз тилиндеги мектептер биринин артынан бири кыскарып жүрүп олтурган.

Бир эле мисал, 1932-жылы СССР учурунда окутуу 102 тилде окутулуп келсе, арадан 50 жыл өткөн соң же 1982-жылдары окутуу 50 тилде гана окутулуп калган… Кырдаал ушундай нук менен өнүккөнүнө карабастан айрым калктар өз тилин коргоп калуу үчүн бекем турушкан. Маселен грузиндер менен армяндар тилин сактап эле тим болбостон алфавитин да сактап калууга жетишкен. Маскөөнүн майлуу колу өзбектер менен тажиктердин да белин сындыра албаган. Бирок, өз эне тилин өзү өгөйлөп, өз көлөкөсүнөн өзү коркуп, өз эне тилине өзү ташбоордук кылуу жагынан кыргыздар астына эч бир элди чыгарган эмес. Белгилүү түрколог Кадыралы Коңкобаев, кыргыз тилин бурмалоо, аны саясаттын куралына айландыруу аракети 50-жылдардан кийин башталып, бул кара өзгөйлүк 70-жылдары туу чокусуна жеткенин, Кремль СССР курамына кирген бардык улутту бир гана «совет эли» кылуу аракетине өткөндөн тартып ал күчөгөнүн айтат. Кыргыз тилинин азыркыдай араңжан абалы тилдин өзүндө эмес, кеп аны Башмыйзамга мамлекеттик тил деп жазып алып, бирок ал тилде сүйлөгүсү келбеген, ал тилде иштегиси келбеген мамлекеттин өзүндө дейт окумуштуу. Анын айтымында кыргыз тилинин шоруна кыргыздар өзүлөрү калууда. Кыргыз өз алдынча мамлекет болуп туруп да өз тилин өнүктүрүп-өстүрүү мүмкүнчүлүгүн пайдаланганга жарай албай келет. Бул жагынан өзбектер менен тажиктер, азербайжан менен татарлар улут катары өз тилдерин бекемдеп алышты. Казак президенти Нурсултан Назарбаев быйылтан тартып мамлекеттин бардык чөйрөлөрүндө иш кагаздарын казак тилинде жүргүзүүгө көрсөтмө берди. Кадыралы Коңкобаевдин айтуусунда, Казакстандын мамлекеттик казак тили үчүн казынадан бөлгөн каражаты эле 20 миллионго жакын АКШ долларын түзөт. Казак тилчилеринин айлык маянасы бүгүн 600 доллардан 15000-20000 долларга чейин… Учурда казак тилиндеги сөздүктүн түрлөрү чыгарылып, бардык мекеме-ишканларга, окуу жайларга бекер таратылууда. Назарбаевдин жеке нускоосу менен казак окумуштуулары казактын өткөн тарыхын жазууда. Ал эми кыргыздар мындан 20 жыл мурда түзүлүп, басмага даярдап койгон «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн» чыгарганга өз өкмөтүнөн «кайыр» сурап, тыйын табалбай келет. Кыргыз окумуштууларынын эң эле көп алган айлыгы 100 доллар, болбосо 30-35 доллардын тегерегинде.

Бишкек тургуну Гүлнара Курбанкулова айымдын ою боюнча кыргыз тилинин маселесин мамлекеттик деңгээлде кайра көтөрүүгө мезгил жетти, антпесе абал оор. Ал эми Таалайкүл Ибрагимованын пикиринде, иш кагаздарын кыргыз тилине өткөрүүгө азыр эрте, анын үстүнө көнүп алган эле орус тилинде иштей берүү кыйла ыңгайлуу. Улуттук университеттин окутуучусу, филология илим доктору Турусбек Маразыковдун оюнча кыргыз тилинин душманы кыргыздын өзү болууда. Анын үстүнө Кыргызстанда улуттун улут экендигин аныктай турган кымбат нерселердин баарын саясатка байламай оорусу адатка айланган. Маселен шайлоо өнөктүгү кирип келери менен депутат болом дегендер кыргыз тили менен орус тилин бири-бирине карама-каршы коюу жолу менен упай топтомойго өтүшөт. Кыргыз тилинин өнүгүүсүнө мына ушундай жасалма саясат кесепетин тийгизүүдө.

Кыскасы, мамлекеттин башында турган жетекчилер өз ЭНЕ ТИЛИН президенттер М.Шаймиев, Э.Рахмонов, В.Путин, Н.Назарбаев сыяктуу сүйүп мамиле кылмайын, ошолор сыяктуу кадырына жетмейин кыргыз тили да, кыргыз эли да экинчи, балким үчүнчү сорттогу эл катары, тил катары кала берери турган иш.
XS
SM
MD
LG