Парламенттин маалымат кызматы кабарлагандай, депутат Кубатбек Байболов иштеп чыккан Концепцияны Жогорку Кеңештин соттук-укуктук реформа боюнча комитети 31-январда парламенттик угууга алып чыкмакчы. Ага депутаттардан тышкары бийликтин, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышуусу күтүлүүдө. Бул Концепциянын негизги максаты – бейпил, эгемен жана өз алдынча сот системасын түзүү, ошондой эле Кыргызстандын тартип жана укук коргоо органдарын акыйкат реформалоо.