Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:43

КЕЛЕЧЕК ҮЧҮН ҮЧ МИЛЛИАРД ДАРАК


Баян Жумакадыр кызы, Прага Еврокомиссия жер шарындагы климаттын өзгөрүүсүн токтотууга байланыштуу программасын ишке киргизди. Еврошаркеттин аткаруучу органы климаттын өзгөрүүсүн жок дегенде жайлатуу үчүн алтернативдүү, өзүнөн-өзү жаңыланып туруучу, зыянсыз энергияга өтүү зарылдыгын белгиледи. Бирок, эксперттер жалгыз бул чаралар климаттын өзгөрүүсүн токтото албасын, ал үчүн кыйылып жаткан токойлордун ордун толтуруу керек экенин айтып жатышат.

Жер шарынын жылып баратканын токтотуу үчүн эмне кылуу керек деген суроого Еврокомиссия, айлана чөйрө үчүн зыянсыз, альтернативдүү энергия булактарын табуу керек, деп жооп кайтарды.

Альтенативдүү энергия балактарына күндүн, шамалдын энергиясын, биологиялык газдардан алынуучу энергияны жана өзөктүк энергияны кошсо болот. Бирок, талдай келгенде өзөктүк энергия кооптуу болуп саналат. Күндүн жана шамалдын энергиясын пайдалануу анчейин ыңгайлуу эмес, ал эми биогаздардан бөлүнүп чыгуучу энергия келечектүү болгону менен анын массалык рынокко келишине чейин али көп бар. Анда эмне кылуу деген суроого, экологдор бак- дарак отургузуу керек, деп жооп кайтарышат.

- Бул келечек муундар үчүн жасалган иш эле эмес, бул келечектеги өнүгүү үчүн да керек 2007-жылды "планета үчүн бир миллиард дарак деген ураан менен өткөрүп, айлана- чөйрөнү коргоо үчүн болуп көрбөгөйдөй күчтөрдү мобилизациялообуз зарыл ,- дейт Улуттар уюмунун Айлана-чөйрөнү Коргоо Программасынын алкагында көтүрүлгөн жаңы демилгенин башчысы, Монаконун принци Альберт Экинчи.

Бул демилге боюнча 2007-жылы жер шарында бир миллиард бак отургузулуп, климаттын өзгөрүүсүн токтотууга карай реалдуу кадам жасалышы керек.
Бак тигүүнүн кандай пайдасы бар? Эксперттердин айтымында, жер шарындагы токойлордун кыйылышынан келип чыккан зыян, автоунаанын зыянынан чоң. Анткени, токойлор өндүрүш менен транспорттон бөлүнүп чыккан газдар менен көмүр кычкыл тегин соруп алат.

Бак тигүү демилгесин "Кениянын Көк Кырчоосу" деген демилгенин автору Вангари Маати көтөргөн. Маати айымдын демилгеси менен 1997-жылдан бери Африканын 12 өлкөсүндө 30 миллион бак-дарак отургузулуп, миллиондогон адамдардын жашоо чөйрөсүн коргоо үчүн чара көрүлдү. Бул демилгеси үчүн эколог 2004-жылы Нобель сыйлыгына татыктуу болгон.

Вангари Маатинин баштапкы максаты токойлордун кыйылышынан жабыркаган Кениянын элет калкынын жашоо чөйрөсүн калыбына келтирүү болгон. Анткени токойлордун туш келди кыйылышынан өлкөнүн сугат суусу азайып, жерлер эрозияга учурагандыктан, айдоо аянттары кыскарып, калк отунсуз калып бараткан.

-Биз адамдар бирдиктүү экосистеманын бир гана бөлчөгүбүз. Бул системанын бир бөлүгүн жок кылуу менен өзүбүздү жок кылып жатабыз. Экосистема башында кандай болсо, ошондой калыбында сакталып калышы керек. Анын сакталып калышынан өзүбүзүн жашообуз көз караанды,- дейт Маати.

Эксперттердин айтымында, акыркы 10 чакты жылдын ичинде кыйылган токойлордун ордун толтуруу үчүн 130 миллион гектар жерге же Украинанын аянтынан эки келген аянтка бак-дарак тигүү зарыл. Башкача айтканда ар бир адам жыл сайын эки чырпык тигип, өстүрүп турушу керек.

XS
SM
MD
LG