Милиция кызматкерлеринин берген маалыматына ылайык, мектеп окуучусу Артур Мартиросян бир нече жолу сайылган бычактан улам көз жумган. Москвадагы Адам укуктары боюнча “Сова” уюмунун маалыматына ылайык өткөн жылы Орусияда улутчулдардын кол салуусунан 43 киши мерт болгон.