Орусия Европалык шериктештери менен отун-кубат маселесин бардык тараптардын кызыкчылыктарына негизделген ачык талкулоого даяр. Бул тууралуу орус президенти Владимир Путин Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Сочи курортунда жолугушууда билдирди. Орусия Польшадан этти импорттоого салган тыйуусун карап чыгуу үчүн конструктивдүү иштөө керектигин президент Путин кошумчалады. Өз кезегинде герман лидери Ангела Меркель түшүнбөстүктөрдү жойуу үчүн Орусия менен байланыштарды жакшыртуу керектигин белгиледи.